super.kg logo

Онкологиялык ооруканадан чыгып үйүнө барган эмес. Өзгөндө 5 балалуу келин 3 айдан бери дайынсыз болууда

 

Ош облусунун Өзгөн шаарынын жашоочусу Наргиза Усманова 3 айдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу анын жолдошу Хайрулло Усманов SUPER.KG порталына айтып берди.

Айтымында, жубайы Наргиза Усманова Ош шаарындагы онкологиялык ооруканада дарыланып жаткан. Ал ооруканада 5 күн дарылангандан кийин дайынсыз жоголгон.

"10-августта, Арапа күнү ал ооруканадан чыгыптыр. Бирок үйгө да келген жок, кайра ооруканага да кайтып барбаптыр. Нөөмөттө турган дарыгер, медайымдар да качан чыкканын так билишпейт. Мен адегенде айттап кетти деп ойлодум, бирок кабары билинбегенинен милицияга кайрылдым. Азырынча эч кандай маалыматтар табыла элек. Беш балабыз бар, кичүүсү беш жашта. Алар апасын күтүп жатышат. Ооруканадан жалгыз чыгып кетти деп ойлобойм. Кимдир бирөө менен алдын ала сүйлөшүп алып, Өзбекстанга же башка өлкөгө кетип калдыбы деген да ойлор келип жатат. Кантсе да аман табылып калышын тилеп жатабыз", - деди Усманов.

Ал белгилегендей, жубайы 39 жашта. Узун кийим кийип, жоолук оронуп жүрөт.

"Ооруканада жатканда абалы жакшы эле болчу, органына эт өсүп, ошону дарылоо үчүн жаткырылган", - деди күйөөсү.

Дайынсыз болуп жаткан Наргиза Усманованын бою 160-165 сантиметр. Чачы узун - 40-50 сантиметр. Ошол күнү узун, жашыл түстөгү көйнөк, кызыл түстөгү жайкы бут кийим, башына боз түстөгү жолук оронуп жүргөн.

Наргиза Усманованы көргөн-билгендер же ал тууралуу маалыматтарды билгендер болсо, 0553 28 32 93, 0773 28 32 93 номерлерине кабарлап коюуну күйөөсү Хайрулло Усманов суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.11.2019. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Табылып калсын
16.11.2019. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суротун кошо чыгарсанар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: