super.kg logo

Казакстанда Кыргыз жараны айдап бараткан автобус кырсыкка кабылган, анда жабыр тарткандардын абалы тууралуу айтылды

 

Өткөн жуманын 11-ноябрында Казакстандын Караганда облусунда Кыргыз жараны айдап бара жаткан автобус жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу казак басылмалары жазышкан.

Маалыматка ылайык, 38 жаштагы автобустун айдоочусу Алматы шаарына бара жаткан. Салондо 15 жүргүнчү болгон.

"Ошол күнү жол тайгак болгондуктан, айдоочу рулду башкара албай калган. Ал алдыда кетип бара жаткан Вольво үлгүсүндөгү унаанын чиркегичин сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 8 киши жабыркаган. Алардын экөө Кыргыз жарандары болгон. Жабыркагандар ооруканага жаткырылды", - деп айтылган маалыматта.

Кечээ, 14-ноябрда жол кырсыгында жабыркагандардын абалы тууралуу казак басылмалары аймактык ден соолукту кароо башкармалыгына таянып жазышты.

"Жол кырсыгында жабыркагандардын арасынан экөөнүн абалы оор. Алар Тажик жарандары, жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Бирөөнө операция жасалды. Бир Кыргыз жараны хирургиялык бөлүмдө, абалы орточо. Анын мекендеши 454-аскердик госпиталга которулду. Калган жабырлануучулар жашаган жери боюнча дарыланууга жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: