Бишкек шаардык мэриясы жашоочуларды жалпы ишембиликке чакырат
Эртең, 16-ноябрда Бишкек шаарында жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдап, жашоочуларды бул иш-чарага кайдыгер карабоого чакырды.
"Урматтуу жашоочулар, сиздерди жалпы ишембиликке чакырабыз. Сиздер өзүңүздөр жашаган үйдүн аймагын же иштеген кеңсенин аймагын гана тазалайсыздар. Калган аймактарды "Тазалык" кызматы колго алат", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле шаар бийлиги топтолгон таштандыларды өрттөбөш керек экендигин эскертет.
"Таштандыларды өрттөө - абаны булгап, жаратылышка жана ден соолукка зыян алып келет. Мындан улам, "Тазалыктын" кызматкерлери таштандыны топтоп кеткенче аны өрттөп салбоо керек", - дейт мэриянын басма сөз кызматынан.
Мэрия шаардагы райондук администрация өкүлдөрүнүн байланыш номерлерин жарыялады. Тургундар ага байланышып, тазалай турган аймактарын тактап алса болот:
- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0550 997 927; 656878;
- Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) - 0 772 192 074, 576380;
- Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи Май району) — 0555 666 096, 661537;
- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806, 360707.



