super.kg logo
  Спорт  

"Күн батып бара жатканда кыргыз футболунун таңын көрдүм". Кырнет Япония менен болгон беттеш тууралуу

 

14-ноябрда Бишкекте кыргыз футболунун тарыхында кала турган оюн болуп өттү. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 4 жолку Азиянын чемпиону Япония менен кыргыз футболчулары ойноду.

Аталган оюнга кыргыз күйөрмандары арасында кызыгуу күч болду. Оюн тууралуу кыргыз интернетинде жарыяланган кызыктуу билдирүүлөр да көп болду.

"Күн батып бара жатканда кыргыз футболунун таңы көрүндү. Жаңы жашоонун, жаңы мезгилдин, кыргыз спортунун жаңы жылдыздарынын таңы көрүндү. Командалар кайсы эсеп менен талаадан кеткени маанилүү эмес, мен кандай сезимдер менен кеткеним маанилүү. Адамдардын ой жүгүртүүсү, жанымда отурган күйөрмандардын биздин команданын мактоолору, алардын ар түрдүүлүгү... Мен тажрыйбалуу күйөрман эмесмин, бирок эми дайыма келип турам. Мен бул оюн менен биздин келечегибизди көрө алдым. Күчтүү, өзүнө ишенген, адилеттүү... ", - деп футболду философия менен айкалыштырат Бермет Турсалиева аттуу колдонуучу.

"Оюн алдындагы 5, 7 гол өткөрүп алат деген күйөрмандар эми гана?", - Asel Blue'mberg

"Эки команда эки башка галактикадан, бул оюнда байкалып турат. Бирок биздин башкы оюнубуз Тажикстан менен болот", - Азат Идирисов.

"Ушундай орундарга билет сатпай эле коюшпайбы, мындай орундар бекер дагы кереги жок" - Cody Banks.

"Кеңседе бир дагы эркек аттуу калган жок..." - Nomadgirl.

"Негизи бул боюнча башты оорутуп кереги деле жок, бирок "Матч ТВнын" комментатору Денис Казанский Кыргызстан деп туура айтып жатат" - Hemingway.

"Мьянма менен болгон оюн сабак болуптур. Бирок 2-катарда отургандарга ыңгайсыз экен" - Эмилбек Чекиров.
"Япондордун деңгээлинде Алыкулов менен Кичин ойноду" - Azаmat Imanaliеv.
"Оптимизмдин деңгээли: Япония оюнда гол киргизе алган жок" - Элдин баласы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.11.2019. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындыгында биздикилер жакшы ойношту.
15.11.2019. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фамилия шумдукго Турсалиева. Турса
16.11.2019. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чындыгында коз тийбесин биздин команда жакшы оюн корсотту. Япония оз мээнети менен гол жарата алган жок. Эки гол тен штрафнойдон болду. Штрафнойду эске албаганда биз кучтуу команда менен тен ойнодук. Али коп оюндар болот иншаАллах бизден да футболчулар чыгат экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: