Сянган шаарынан 3 кыргыз студенти чыгарылды

Кытайдын Гонконг провинциясынын Сянган шаарындагы массалык баш аламандыктан улам Кыргыз өлкөсүнүн студенттери окуусун таштап, шаардан чыгып кетип жатышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Сянганда окуп жаткан 42 студенттин үчөө шаардан чыгып кетти, калганы жакынкы авиа каттамдар менен учуп келмекчи. Кыргыз студенттери Кыргыз өлкөсүнүн Кытайдагы элчилиги менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, Кытай тараптын жардамы менен коркунучсуз жерге жайгаштырылган. Мекендештерге жардам берүү үчүн Сянганга Гуанчжоудогу башкы консул И.Орусбаева барган. Ошондой эле азыркы тапта билет сатып ала албаган кыргыз студенттери үчүн төлөмүн кийинчерээк бере тургандай жолу да элчилик тарабынан туристтик компания менен макулдашылды.
Белгилей кетсек, Гонконгдо ушул жылдын июнь айында Гонконгдун бийлиги мыйзам бузууга шек саналган адамдарды Кытайга экстрадициялоо тууралуу жобону киргизип, ошондон нааразычылыктар туулган.



