Социалдык фонддун 2020-жылдагы бюджет долбоору кирешелер боюнча 57 миллиард 796 миллион сом көлөмүндө түзүлүүдө
Социалдык фонддун 2020-жылдагы бюджет долбоору кирешелер боюнча 57 миллиард 796 миллион сом көлөмүндө түзүлүүдө. Бул тууралуу кечээ, 15-ноябрда Жогорку Кеңеште парламенттик угууда Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.
Анын айтымында, фонддун 2021-2022-жылдарга 60 миллиард 271 миллион сом жана 65 миллиард 98 миллион сом көлөмүндө түзүлдү. “2020-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү эмгек акы төлөө фондунан 27,25 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталды. 2020-жылга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 35 миллиард 727 миллион сом өлчөмүндө түшүшү пландалган. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 21 миллиард 911 миллион сом өлчөмүндө каралып, дагы башка булактардын эсебинен түшкөн башка кирешелер 156 миллион сом өлчөмүндө болжолдонду", - дейт ал.



