Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук отурум 29-ноябрга жылдырылды
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурум 29-ноябрь саат 15:00гө жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соттун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жатышкан экс-президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун кылмыш иши каралды. Соттук отурум Атамбаев келүүдөн баш тартканына жана Раимжанов стационардык дарыланууда болгондугуна байланыштуу жылдырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Jaznura

16.11.2019. 11:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азиз операциясына катыштыгы бар деп эсептелген Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экенин күбөлөрдүн баары айтып жатат. Демек аша чындап эле күнөөлүү экен да.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.