Салык кызматы: "Балыкчыда алкоголдук продукцияны мыйзамсыз чыгарган фирма аныкталды"
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы менен бирдикте Балыкчы шаарынан алкоголдук продукцияны мыйзамсыз чыгарган жергиликтүү фирманы аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө "Балыкчы алко трейд" ЖЧКсы тарабынан "Оренбургский пуховый платок" маркасындагы 0,5 литрлик идиштеги 21 миң 200 бөтөлкө арак продукциясынын лицензиясыз даярдалгандыгы аныкталган. "Октябрь айында аталган ЖЧКнын лицензиясынын колдонулушу алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу жана көзөмөлдөө функциясы өткөрүлүп берилгенге чейин ыйгарым укуктуу орган Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан 2020-жылдын 14-январына чейин токтотулган. Бирок ЖЧК тарабынан лицензиянын колдонуу мөөнөтүн жаңыртуу жөнүндө Балыкчы шаары боюнча салык органына расмий маалымат түшкөн эмес", - деп жазылат маалыматта.



