Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессинин динамикасын тездетүү зарылчылыгы талкууланды
Бүгүн, 16-ноябрда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сухроб Ходжа Олимзоданы кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптар Кыргыз-Тажик мамилелеринин эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, мамлекет башчыларынын деңгээлинде өткөн жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүштү. Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессинин динамикасын тездетүү зарылчылыгын талкуулашты.
Чек аранын жанындагы кызматташтыкты бекемдөө, негативдүү көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелерине өзүнчө көңүл бурулду.








1 |