super.kg logo

Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинде 29 жаштагы жаран каза болду

 

Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинде 29 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында көмүр кесиминде кезекте турган эки КамАЗ автоунааларынын ортосунда Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын тургуну кыпчылып калып, ооруканага алынып кеткендиги билдирилген. "1990-жылы туулган А.уулу Б. эки КамАЗга жол көрсөтөм деп ортосунан чуркап өтүүгө аракет жасап, ал чаңдан көрүнбөй эки автоунаанын ортосуна кыпчылып калган. Ал ооруканага алынып келе жатып, жолдон каза болгондугу аныкталып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлгөн.

Бул факты Жумгал РИИБинин электрондук маалымат журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Азыркы учурда маркумдун аты-жөнү аныкталып, маркумдун сөөгү Жумгал райондук ооруканасынын өлүкканасына алып келинди. Анын туугандары тарабынан арыз-дооматтары жоктугу жана сөөктү сойдуруудан баш тартышкандыгы тууралуу өтүнүч арыздары алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлдү. Автоунаалар Жумгал РИИБинин короосуна токтотулуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Маркум үй-бүлөлүү, үч баланын атасы экендиги такталды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
16.11.2019. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуптур((((( Этият болгула Жоо жургондор жана айдоочулар
Эмне учун сойот олукту. Моргтон? Билермандар айтып койгулачы,
17.11.2019. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pyeon hwa, Моргдон денени сойгонунун себеби ЭКСПЕРТИЗА кылуу учун.. Экспертизадан өткөрүп анан так маалымат беришет, экспертиза кылынбаса маркумдун кандай жагдайда каза болгондугу белгисиз болуп калышы мүмкүн
16.11.2019. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Органдарын алышса керек да ичегисин
17.11.2019. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulya78,олуп калган адамдын органы кереги жок уже,кызыксызго))))
17.11.2019. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulya78,ужас,мээнер ушунча жаман иштейби. ??
17.11.2019. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх жакшы жанылык окубай калдык го кундо жаман кабар адам олуму,кырсыктар кобойду журок тушуп калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: