Калифорния штатында турак үйдө ок атылып, 5 адам каза болду
АКШнын Калифорния штатында турак үйдө ок атылып, 5 адам каза болду. Алардын үчөө балдар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каза болгондор бир үй-бүлө мүчөлөрү.
"5 жана 9 жаштагы балдар ооруканага жеткирилген, бирок алардын өмүрүн дарыгерлер сактап кала алышкан эмес. Ошондой эле 29 жаштагы аял 3 жаштагы баласы менен окуя болгон жерден эле каза болгон. Үйдүн ичинен дагы 31 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Учурда анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жакындыгы бар же жогу такталууда", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:55
2026-02-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















