super.kg logo

ЖЭБ соту: Айбек Калиев: "Смета жок болсо, анда бизге айып койгон 110 миллион доллар кайдан чыкты?"

 

Бүгүн, 18-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум өтүүдө. Анда жабырлануучу тарап сурак берүүдө. Отурумдун башында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков эксперт Геннадий Хафизовдун качан келерине кызыкты. Буга судья аталган эксперт Кыргыз өлкөсүнөн тышкары жүргөндүктөн, отурумга чакыруу мүмкүн болбой жатканын айтты.

Жабырлануучу тарап болгон "Электр станциялары" ишканасынын өкүлү: "2012-жылы Электр станциялары" менен "TBEA"нын ортосунда келишим түзүлгөн. Долбоорду ишке ашыруу үчүн кытай тарап Кыргыз өлкөсүндө өкүлчүлүк ачкан. Анын жетекчиси катары Мусажан Макелек шайланган. Келишимге ылайык, модернизациялоо долбоору биротоло бүтүрүүгө берилген. ЖЭБди жаңылоодо кытай тарап белгиленген наркты койгон. Келишим өкмөт, Жогорку Кеңештин алдынан өткөндөн кийин, 2014-жылы ишке аша баштаган", - деди ал.

Айыпталуучулар жабырлануучу тараптын айткандарынан алар берген суроолорго жооп ала албагандыгын белгиледи. "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы жетекчиси Айбек Калиев: "Биз жабырлануучу тарапка 2016-жылкы чыгымдардын баалары көрсөтүлгөн эсеп маалыматын сураганбыз. Ага кол коюлду беле?", - деген суроо берди. Буга жабырлануучу тараптын өкүлү: "Бул жылдагы жалпы чыгымдардын эсеп маалыматына кол коюлган эмес. Себеби анын жетекчиси Геннадий Хафизовду таба алган эмеспиз. Азыр бизде бул сметанын көчүрмөсү гана бар", - деди ал.

Мындан тышкары, жабырлануучу тарап болгон "Электр станциялары" келишимге ылайык, ошол жылдар үчүн бардык салыктардан бошотулганы айтылды. Буга карата Айбек Калиевдин: "Эгер "Электр станциялары" салыктардан бошотулса, эмнеге смета салыктарды эске алуу менен түзүлүп калган", - деген суроого жабырлануучу тараптын өкүлү жооп бере алган жок.

Ошондой эле Айбек Калиев 2013-жылы түзүлгөн расмий смета жок болсо, бизге айып коюлган 110 миллион доллар кайдан чыкты деген суроо берди. Буга жабырлануучу тарап: "тактайбыз" , - деп жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
18.11.2019. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ай айланайын смета 386 млн.го тузулгон, текшеруудон кийин 111 млн.жетпей жатса айыптуу болосунар да
18.11.2019. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алкашытын күё баласы катуу актанып жаткан кербезиго 110 млн доллар эмес 111 млн доллар жок бир миллионду ушул жерден да кымырып кеткенго шакал
18.11.2019. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айбек Калиев өзүнүн кылган кылмышын дагы деле биле элек көрүнөт. Муну жабырлануучу тараптан эмес Сапар Исаковдон сурабайбы? Ошол баарын жакшы билет.
18.11.2019. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ну конечно, избавились вы сами от сметы чтобы привести следствия в тупик!
18.11.2019. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Смета жок деп эле,600 долларга да бир даана кычкач аласынбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: