super.kg logo

ЖЭБ соту: Отурумга катышпай туруп, сурак берген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү окулууда

 

Бүгүн, 18-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда судья Инара Гилязетдинова соттук отурумга келбей, тергөөдө сурак берген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн окуп жатат. Күбөлөрдүн арасынан ЖЭБдин директору болгон Андрей Воропаевдин көрсөтмөсү окулган жок. Себеби анын көрсөтмөсүнө маалыматты ачыктабоо тууралуу кол коюлганы айтылды. Андан соң ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулунун көрсөтмөсү окулду. Ага ылайык, модернизациялоого алынган жабдыктар кымбат алынган, аны Айбек Калиев жана "Электр станциялары" ААКтын башкы директору Узак Кыдырбаев билгени белгиленди.

"ЖЭБди модернизациялоо 2013-жылы эле башталган. Ал учурда мен башкы инженер катары бир дагы документке кол коё алган эмесмин. Келишим боюнча документтерге Калиев менен Узак Кыдырбаев кол коюп турган. Өндүрүштүк кырсык болгон учурда мен ЖЭБдин директору болуп иштеп тургам. Аталган жарандар өз кылмыштарын жашыруу үчүн мени бир катар иш-кагаздарга кол койдурууга аракет жасашкан. Бирок андан баш тарткам. Ошондо мени жумуштан алып, ордума Андрей Воропаевди шайлашкан. Өз көрсөтмөлөрүмө Калиев менен Кыдырбаевдин кылмыштуу ишин тастыктаган документтер дагы тиркелет. Бул иште Калиев, Кыдырбаев бардык министрлик, ведомство жана "TBEA"нын өкүлү Мусажан Макелек менен дагы кылмыштуу байланышта болгон", - деп айтылган Нурлан Өмүркул уулунун көрсөтмөсүндө.

Буга "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев: "Ошол көрсөтмөгө тиркелген документтерде менин колум бар бекен? Болсо тиркелген иш кагаздардын тизмесин жана аталыштарын мага окуп бергиле", - деди.

Судья Инара Гилятзединова аталган документти окуду. Анда Калиевдин колу бар бир дагы документ жок экендиги айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.11.2019. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уурларга 50 жылдан бериниз урматтуу сот, 386 млн доллардын 111 млн доллар акчасын булар жеп койгон, жоопко тартып уй мулкун конфискация кылуусун талап кылам
chake түзөттү 2019-11-18 14:01:11
18.11.2019. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Н.Омуркул уулу ушул чууну ачык айтып чыккандардын бири. Ал модернизациялоо ишиндеги былыктарын бүт ашкере кылган.
18.11.2019. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ууруларга койсоң эч күнөөсүз сезет өздөрүн мамлекеттин акчасын жегендерге узак мөөнөт берип салыңыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: