super.kg logo

Жактоочу: "Садыр Жапаров президенттен ырайым сурап кат жөнөткөн. Бирок бир айдан бери жыйынтык жок"

 

Абактагы саясатчы Садыр Жапаров президенттен ырайым сурады. Маалыматты мурдагы депутат Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов ырастап, каттын президенттин дарегине жөнөтүлгөнүнө бир айдай болуп калганына токтолду.

"Жогору жактан Садыр Нуркожоевичтин жакындарына "Өзү ырайым сурап арыз жазса бошотобуз" деп айтышкан экен. Мен билген эмесмин, бир ай болуптур. Кат президенттин дарегине жетип, президенттик аппараттан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кайра жөнөтүлгөн. Бирок ушул кезге чейин эч кандай жыйынтык жок. Негизи он төрт иш күндүн ичинде бир жообу айтылышы керек болчу", - деди жактоочу.

Жактоочу Садыр Жапаровдун арызын жеке баракчасына жарыялады. Анда төмөндөгүдөй жазылган:

Кыргыз Республикасынын президенти
Жээнбеков Сооронбай Шариповичке

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 227-беренесинин 2-бөлүгү менен соттолуп, учурда жаза мөөнөтүн номер биринчи түзөтүү колониясында өтөп жаткан
Жапаров Садыр Нуркожоевичтен

Ырайым боюнча өтүнүч

Мен, Жапаров Садыр Нуркожоевич, 1968-жылы 6-декабрда төрөлгөм. Кылмыш-Жаза Кодексинин 227-беренесинин 2-бөлүгү (барымтага алуу) боюнча Биринчи Май райондук соту тарабынан 02.08.2017-жылы соттолуп, 11 жыл 6 айга эркиндигимден ажыратылгам. Бул айып жасалма жана Атамбаевдик режимдин саясий буйрутмасы менен болгону жалпы элге маалым. Элди алдашыбыз мүмкүн. Бирок Кудайды алдай албайбыз. Барымтага алууда менин кымындай да тиешем жок экенин Кудай көрүп турат. Бирок ошентсе да, 2017-жылдын 25-мартынан баштап, бүгүнкү күнгө чейин адилетсиз камакта жатам. Ушул аралыкта күйүттүн айынан атам менен энем көз жумушса, кечээ жакында балам Дастан бул дүйнө менен кош айтышты. Азыр жакындарым оор акыбалда турушат. Ушуга байланыштуу мага ырайым берип, абактан бошотууңузду өтүнөмүн.

Жапаров Садыр Нуркожоевич

Окуянын чоо-жайы:

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан, өзү чет өлкөдөн кайтып келе жатканда кармалып камакка алынган. Ал учурда Садыр Жапаровду миңдеген тарапташтары жолугуу үчүн күтүп турушкан. УКМК жолугууга жол бербей чек ара күзөт бекетинен кармап кеткен.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Быйыл 30-апрелде Жогорку Сотто абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралып, соттук коллегия анын жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
18.11.2019. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кылмышкерлер жыргап журот, элдин уулу турмодо отурат
18.11.2019. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
bekbol2006,сен айткан элдин уулу адамды барымтага алганы учун отурат
18.11.2019. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
bekbol2006,кайсы элдин уулу тууралуу айтып жатасың? Кумтөрдү жамынып алып бийликке келүүгө аракет кылган Садыр Жапаров жөнүндө эмеспи?
18.11.2019. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Садыр Жапаровго Атамбаевдин буйругу менен Аида Салянова кылмыш ишин козгогон. Садырчылар Атамбаев Садырды неге, кантип камаганын жакшы билесиңер... Арманыңарды Атамбаевге же Аида Саляновага барып айткыла...
18.11.2019. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Alimbek1000,
18.11.2019. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
bekbol2006,Садыр Жапаров Атамбаевдин катардагы саясий заказынын курмандыгы болду
18.11.2019. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азыр Сооронбайдын эмне иш кылып жатканын эл эмес, Соке өзү деле билбейт. Жарытпаган Соке келип, эч бир жарып кеткен жокпуз. Кантсе дагы көчөдөн келип калган Сокенин эл арасында эч кадыр баркы жок. Кошоматчылары сүйрөлүп артында мактап жүрөсүңөр.
18.11.2019. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kairat1996, Ашанын убагынада жыргаган шоопур, жан сакчынын, ашпозчулардын тууган уругу окшойсун шакал
18.11.2019. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Kairat1996, элдин атынан жооп бербе, Жээнбеков кунумдук элдин койгойлорун чечуудо, аларды буа чейин эч ким чечкен эмес, региондорго эч ким караган эмес, коррупция менен эчким курошкон эмес, билимге мынчалык конул бурулган эмес, баары оз камын ойлоп, инвестордон да акча сурап аларды качырып ийишкен. Байлардын уй булолору жыргап, балдары чет олколордо элдин акчасынан билим алып, карапайым калк барган сайын жакырчылагандан жакырчылап кете берген. Ушундай кыйын учурда, чоккону калган кайыктын
18.11.2019. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Kairat1996, рулун колго алып башкарып кетуу дагы чон эрдик деп ойлойм. карышкырлардын кейпин кийген коррупционерлерден арылуу дагы оной эмес.
18.11.2019. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жапаровду колдоп анын баш коргоо чарасын өзгөртүү азыркы учурда аябай катуу кол топтоо жүрүп жаткандыгы баарыбызга маалым болуп калды. Эгерде Жапаров 2013-жылы Орусияга качып кетпегенде балким окуя башкача маанайга өзгөрүлмөк. Атамбаев оопозициянын болушун каалган жок ошондуктан Садыр аэропорттон түшөрү менен каматып, 11 жыл 6 айга кутулган эле. Бүгүнкү күндөгү Жапаровдун колдоочуларынын аракети эмне менен бүтөрү баарыбызга кызык.
18.11.2019. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Президент силерге сот беле? Сот мыйзам чегинде кандай десе ошондой болот. Атамбаевдин соттору камаган болсо, азыр баары мыйзам чегинде, мыйзам кандай десе ошондой болот
18.11.2019. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Катты туура эмес жазып жиберген турбайбы жактоочу.
18.11.2019. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жапаровду мен колдоймун. Бул менин жеке оюм. Анын кумтор боюнча мегаком каркыра маселелери жонундо кылган аракеттерин эч ким баалабай тескерисинче захватчик деп каралап келебиз. Адилетсиз бийликтин курмандыгы болуп олтурат абакта. Ылайым боштондукка чыгып элине ак кызмат кылса экен..
19.11.2019. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин уулу болсо ырайым сурабаш керек болчу. Сот адилетсиздигин кайра карап, чындыгын калыбына келтирүүгө арекет кылса болмок. Бул жок күнөөнү мойнга алуу. Президентен ушуну суранса болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: