super.kg logo

ЖЭБ соту: Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков эксперт Хафизовдун көрсөтмөсүн судья окубай, өзү отурумга келиш керектигин эскертти

 

Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда судья Инара Гилятзединова тергөөдө сурак берген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн окуп берди. ЖЭБ иши боюнча жалпы 86 күбө өтүп жатат. Айыпталуучулар ЖЭБдин мурдагы директорлору Андрей Воропаев менен Нурлан Өмүрбек уулунун көрсөтмөлөрүн толук окулушун суранды. Судья күбө Андрей Воропаевдин көрсөтмөсүнө маалыматты ачыктабоого кол коюлгандыктан, анын көрсөтмөсү окулбай тургандыгын эскертти. Ал эми ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүрбек уулунун көрсөтмөсүн толугу менен анын котормочусу окуп берди. Отурумга келбеген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү окулуп бүткөн соң, судья иштин материалдарын иликтөө, материалдар менен таанышуу процессине өттү.

Тыныгуудан кийинки башталган соттук отурумда Айбек Калиев: "Менин жактоочум Эрнис Сааданбеков иште күбө катары өтүп жаткан эксперттердин отурумга суракка келүү өтүнмөсүнүн негизинде чакыртма кагазын жеке өздөрүнө берип келген. Бирок алар отурумга келишкен жок, бул учурда аларга чара көрүлөбү?", - деген суроо берди. Судья аларга карата кайрадан чакыруу жиберилерин айтты.

Материалдарды изилдөө процессинин алкагында, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин Өкмөткө жөнөткөн ноталарынын бирөө окулду. Анда элчилик ЖЭБди модернизациялоого өз компаниясын сунуштап жатканын жазып кайрылганы айтты.

Отурумда ЖЭБ боюнча экономикалык-соттук экспертиза жасаган Евгений Хафизовдун көрсөтмөсү окулду. Анда Мамлекеттик курулуш ЖЭБди модернизациялоо процессинде бир нече эскертүүлөрдү берип келгени жана ЖЭБдин долбоору Кытай мамлекетинин нормалары менен курулганы айтылган. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Хафизов соттук отурумга келип, көрсөтмө бериши керектигин эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.11.2019. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар Исаков качан сот боло койду эле? Бул кылар ишти кылып алып эми актанып жатканын кара. 111 млн долларды төлөп берсин. Буларды узак мөөнөткө соттош керек.
18.11.2019. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оюнчук кылып алышты го сотту, кааласа келип, кааласа келбей! мамлекетке да ушундай мамиле жасаган убагында, кааласа ортодон уруп койуп, кааласа документтерин жоготуп койуп...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: