super.kg logo
  Спорт  

"Атама караганда апамды көбүрөөк угам". Хабиб Нурмагомедов апасы тууралуу айтып берди (видео)

 

Орусиялык UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов кичинекей өспүрүмдүн ага апасы туралуу суроо бергенин чагылдырган видеону социалдык тармактагы жеке баракчасына жайгаштырды. Ал кичинекей күйөрманынын суроосуна берилүү менен жооп берген. Нурмагомедовдон кичинекей өспүрүм апасы азыр кандай жашап жатканы жөнүндө айтып берүүсүн жана аны кандай эне төрөгөнүн билгиси келгенин айтып, суроо узаткан.

"Апамдын жашоосу азыр жеңилдеди, мурун ага чынында кыйын болгон. Баарыбыздын эле апабыз ар бирибиз үчүн жакшы. Анткени апалар бул жашоодогу эң кымбат белегибиз болуп эсептелинет. Негизгиси бул айтканымды атам укпасын, бирок мен үчүн апам биринчи орунда.

Азыр апакем эч нерсеге муктаж эмес. Апам мурун агам экөөбүз машыкканда эртең менен, кечинде кийимибизди жууйт эле. Ал учурда кир жуучу машина, ысык суу дагы болгон эмес. Азыр келебиз, кийимдерибизди машинага салабыз, кнопканы басабыз, болду кийимдерибиз жуулат. Түшүнүп жатасыздарбы, азыр жашоо кандай жеңил болуп калды. Мен кээде апамды укпай койгон күндөрүмдү эстеп өкүнүп кетем. Азыр атама караганда апамды көбүрөөк угам", - деген ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Хурмагомедов Хабибдин апасы эч качан баласынын беттештерин көрбөй турганын айткан. Ал мелдеш учурунда жолго чыгып кете турганын жана баласынын жеңип же жеңилип жатканын үйүнө топтолгон көрөрмандардын реакциясынан улам байкай турганын билдирген.






Хабиб Нурмагомедов апасы тууралуу айтып берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
18.11.2019. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эми ушу да жанылыкпы катыгун. Машина менен кир жууганы
18.11.2019. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
katerina.li, дагестандыктарга эми эми жетип жатат автомат стиралка, телевизор, телефон дегендей... турмуштан кыйла эле артта калышкан...

Орустар аларды айтат го "тоодон тушкон к**" деп......
18.11.2019. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Анда мушкер эмес жонокой балдардын апасы дагы деле колго кир жууп журушот экен да.
19.11.2019. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хурмагомедов жакшы фамилия Супер :)
19.11.2019. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге деле эми келип калдыго кир жуучу автомат машина...Апамдарга барсам ыссык суу чыгартышыптыр, автомат машина коюшуптур....Мен да ойлодум мурда эле алсак эмне деп...Апам экобуз кышта суукта кир жууйт элек,колдорубуз ушуп...Биз чонойгуча канча кирди жууду экен ушуп,кыйла жылдан кийин ушундай шарт тузушконуно окуном.эртераак эле алсак эмне... ...Бирок ушунусуна деле шугур...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: