super.kg logo

Дубайда уурулук кылган 3 Кыргыз жараны соттолду

 

Дубайда уурулук кылган чет элдик топтун мүчөлөрүнө карата соттун чечими чыкты. Алар 3 жылга эркинен ажыратылып, андан кийин депортацияланат. Кылмышка шектүүлөрдүн үчөө Кыргыз жараны болгонун UAE басылмасы жазып чыкты.

Соттолгон жарандар ушул жылдын февраль айында Дубайдагы Палм-Жумейра аралындагы виллалардын бирине балкон аркылуу киришкен. Алар виллага түн ичинде кирип баалуу буюмдар сакталган 3 сейфти талкалашкан. Уурдалган буюмдардын арасында баасы 219 миң дирхамды (4 миллион 165 миң 108 сом) түзгөн Rolex сааты болгон.
Уурдалган буюмдарды 31 жаштагы кылмышка шектүүлөрдүн биринин таанышына калтырып, өздөрү ошол эле күнү Дубайдан башка өлкөгө учуп кетишкен. 31 жаштагы кылмышка шектүү таанышынан буюмдарды Бириккен Араб Эмираттарынан 900 долларга чыгарып кетмек болгон.
Дубайдын полициясы шектүү делинген 4 жаранды кармап, уурдалган буюмдардын айрымдарын ээсине өткөрүп берген. Ал эми уурдалган буюмдарды сактап жүргөн айым эркиндикте экени айтылат маалыматта.

"31 жаштагы айыпталуучу таанышына жолугуп, баалуу буюмдарды алып, өлкө аймагынан чыгарып кетүүнү пландап жатканын моюнга алган. Ал аны менен чогуу кылмыш кылган 3 адамга материалдык, техникалык жардам көрсөтүп жүргөн. Сотто Кыргыз жарандары күнөөлөрүн моюнга алышып, Дубайга акча жана баалуу буюмдарды уурдоо үчүн келгендерин айтышкан", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
18.11.2019. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Арам тамак аш болот беле! Исламдын закону бойунча колдоруну кесуу керек эле!!!Дагы бизге ырайым кылыптыр!!
18.11.2019. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Дубайда жон эле уурулук кылбай иштесе деле жакшы эле табатда.Элдер жетпей журотго бара албай кысып эле иштешсе
18.11.2019. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уурунун иши каякта болсо да уурулук, алар өз кесиби менен эле иштешиптир.
18.11.2019. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Оллун го даддин
19.11.2019. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өлөт. Бир жөн жүрбөйт экенсиңерда!
19.11.2019. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир карын майды бир кумалак чиритет деген ушул. Кыргыздар жаман нерсе жасардан мурда эсибизден чыгарбасак биз уулу элдин урпактары экенибизди!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: