super.kg logo

Казакстандын тургуну аялы менен ажырашканынын урматына 60 унааны ижарага алып, майрамдады

 

Казакстандын Уральск шаарында эркек киши аялы менен ажырашкандыгынын урматына 60 кымбат баалуу Жип үлгүсүндөгү унааны ижарага алып, алардын коштоосунда шаарды айланган. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эркек киши Уральск шаарына Чыгыш Казакстандын Аягөз шаарынан келген. Экс-жубайлар мыйзамдуу түрдө ажырашып, Уральск шаарындагы батирин сатып, акчасын тең экиге бөлүп алышкан. Кийинки күнү киши ижарага 60 Жип үлгүсүндөгү унаа алып, алардын коштоосунда шаарды айланып, кийин саунага барган. Ал жерден полиция кызматкерлери алып кетишкен.

Ар бир унааны саатына 15 миңден 20 миң теңгеге чейин ижарага алган. Полиция кызматкерлеринин айтымында, полицияны облусттук акимдин резиденциясынын кароолчулары чакырган. Себеби 60 унаа ошол көчөдөн өтүп, шаар тургундарына бир топ эле ыңгайсыздык жаратышкан. Кортеж 60 кымбат баалуу унаадан турган. Алар Toyota Land Cruiser Prado, Gelandewagen, Lexus жана башка үлгүдөгү унаалар болгон. Полиция кызматкерлери аларды Самал аймагынан токтотуп, унааларды ижарага алган кишини кармашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
18.11.2019. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кокуууй аялы ошончолук эле тойгозгон окшойт ((((((Ажырашкан аялы кантип майрамдады экен десеңер.
18.11.2019. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аялы ижарага 120 Хаммер, Гелик жалдап өзүнчө майрамдап жүргөндүр балким башка жакта...
18.11.2019. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мээси жок экен да.
18.11.2019. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушундай ысырапкор эркек менен ажырашкан аялга деле жакшы болгон окшойт)
18.11.2019. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арка мойну алдында калсын эркектин. Башка соз жок
18.11.2019. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уйлонгондо канча машина жалдады экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: