ЖЭБ соту: Отурумда TBEAнын өкүлү Мусажан Макалектин көрсөтмөсү окулду
Бүгүн, 18-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда иштин материалдарын иликтөө жана материалдар менен таанышуу процесси жүрүүдө. Буга чейин судья Инара Гилятзединова отурумга келбеген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн окуп берген.
Материалдарды изилдөөдө TBEAнын өкүлү Мусажан Макалектин көрсөтмөсү окулду. Көрсөтмөдө Макелек аталган компаниянын өкүлү катары шайланганы жана долбоордун жүрүшүндө Кыргыз тараптан эч ким менен жең ичинен сүйлөшүү болбогону белгиленген.
"Модернизацияга бөлүнгөн 386 миллион доллар келишимде өзгөрүүгө мүмкүн болбогондой бекитилген. ЖЭБдин модернизациясы соңуна чыккандан кийинки баа менен келишимде көрсөтүлгөн баа бири-бирине туура келет. Тагыраагы, ЖЭБдин факт түрүндөгү баасына дал келет", - деп айтылган көрсөтмөдө.
Мындан тышкары, ЖЭБди модернизациялоодогу наркты аныктоо боюнча аныктама окулду. Ага ылайык, жаңылоодо каражат наркын аныктоодо дүйнөлүк орточо эсеп эске алынган. Аныктамада Орусияда, Тажикстанда, Казакстанда ЖЭБдерди куруудагы кеткен чыгым, каражаттар тууралуу айтылды. Ошентип TBEAнын сунуштаган баасы дүйнөлүк баанын орточо эсеби менен көрсөтүлгөнү белгиленди.

Болбосо эмнеге ТВЕА компаниясынын жетекчилери менен ошолордун окулу Макелек камалган жок?!! Ошол 386 миллион долларлык сметаны эмнеге жашырып келесинер?!! Ошол сметада аттиш 600$, огнетушитель 2000$ деп корсотулду беле?!!
Мындай соттун кимге кереги бар?! 2 жылдан бери олко канча зыян тартканын да аныктай албай отурушса, ошол зыяндын 1 сомун да кайтара алышпаса!!!
Эмнеге ТВЕА компаниясынын жетекчилери жоопко тартылбайт?!!
Сметасы жок долбоорду кайсы мээси менен колдоп беришти?!! Эми жооп беришсин!!!
Коррупцияга баары чекеден малынган!!! Заказчик Кыргызстан болгон сон, билиши керек кычкач канчадан алынаарын!!!
Булардын ичинен Соке озун аппак карга эоестетип отурат, ТВЕА менен келишим тузуудо ошол кездеги спикер Асылбек Жээнбеков менен ТВЕАнын жетекчилери, алардын окулу Мусазан Макелек эркиндикте жургону, бул соттук процесстин показуха экенинен кабар берет. Бир соз менен адилеттик жок!!!
Эл учун куйгон адам абакта отурат канча жылдан бери. Ал эми Кытайдын ТВЕАсы менен сметасы жок коррупциялык келигимге кол койгондор, добуш бергендердин кобу бийликте отурат, алардын катарында ошол кездеги спикер Асылбек Жээнбеков...
Дагы коррупция менен курошуп жатабыз дешет оозу мурду кыйшайбай.....
Менимче Сокенин ошол троллу, жугундукору админ, акимдердин бироосу!!!