Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн, 15-августта саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Бородин, Клубный, Кронштадский, Циолковский, Айни, Краснофлотский, П.Лумумбы, Кубаныч, Билим, Шаттык, Ремесленный, Туюк, Токтогул, Гоголь көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Ошондой эле Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын бир бөлүгүндө, Фёдоровка айылында, Суусамыр өрөөнүндө, Сокулук районуна караштуу Күн-Туу, Сарбан, Жал, Кызыл-Туу, Кичи-Шалта, Чоң-Жар, Токбай айылдарында электр жарыгын берүү чектелет. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул өчүрүүлөр электр чубалгыларын тарттыруу жана оңдоо иштерине байланыштуу болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

