"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Базар-Коргондогу Текебаев көчөсүндө электр жарыгы жок деген маалымат туура эмес" дейт "Жалал-Абад электр" ишканасынан
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айылындагы Асилбек Текебаев көчөсүнүн жашоочулары электр жарыгы боюнча көйгөй жаралгандыктан, өздөрү трансформатор сатып алганын окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө билдирген. Анын айтымында, Базар-Коргон райондук электр ишканасы май айынан бери трансформаторду токко улап бере албай келет. Окурман бул маселе 5 айдан бери чечилбей, аталган көчөдө дагы деле электр жарыгы жок деген билдирүүсү менен кайрылган.
Бул боюнча "Жалал-Абад электр" ААКсына байланышканыбызда жашоочуларга башка трансформатордон электр жарыгы тартылып берилгенин билдирди.
"Аталган көчөнүн жашоочулары өздөрү койдук деген трансформатордун эч нерсеси жок болгон. Базар-Коргон райондук электр тармактар ишканасы тарабынан трансформатордун керектүү тетиктери коюлган. Ошондой эле электр мамысы орнотулуп берилген.Учурда экотехинспекция тарабынан уруксат кагазын алуу иштери аткарылып жатат. Асилбек Текебаев көчөсүнүн жашоочулары жарыгы жок отурат деген туура эмес маалымат. Жашоочуларга башка трансформатордон электр жарыгы берилет. Экотехинспекция уруксат кагазын берсе, трансформатор иштеп баштайт. Белгилей кетүүчү нерсе, аталган көчөдө 5 абонент бар", - дешти басма сөз кызматынан.



