"Коопсуз шаардын" маалымат операторлору кыргызча билбейби? Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жообу



"Коопсуз шаардын" маалымат операторлору жарандарга жооп берүүдө мамлекеттик тилде маалымат бере алышпайт. Бул тууралуу шаар тургуну Дастан Алдаяров "Фейсбук" социалдык баракчасына өз нааразычылыгын билдирип, пост жазган. Анда ал айып пул боюнча операторго чалып, мамлекеттик тилде маалымат ала албай койгонун жазып чыккан. SUPER.KG порталы аталган жаранга байланышып, окуянын чоо-жайын билип көрдү.
Анын айтымында, мындай көрүнүш биринчи жолу эле болуп жаткан жок. Андыктан бул тууралуу пост жазып чыгарууну туура көргөн.
"Мен айып пул тууралуу өздүк маалыматты тактоо максатында "Коопсуз шаардын" маалымат операторуна постто көрсөтүлгөн номур боюнча чалдым. Алгач мамлекеттик тилде кайрылдым, мага орус тилинде жооп берди. Мага мамлекеттик тилде сүйлөгөн оператор керек экендигин айтканда, ал эртең келерин билдирди. Макул болуп, эртеси чалсам, ошол эле жагдай кайталанды. Буга карата нааразы боло баштаганда, мага "Здраствуйте" деп кыйкырып орой жооп берди. Мындай учурда биз эмне кылышыбыз керек? айыл жергесинде маалымат алууда кыйналгандар дагы бар экен", - деди ал.
Бул тууралуу маалыматты тактоо үчүн жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаевге байланыштык.
"Кайрылуу боюнча маалыматты текшердик. Жаран постунда көрсөткөн номур "Яндекс" жеке ишканасына тиешелүү экен. Башкача айтканда, бул кызмат бизге карабайт. Анда жаран пост терминал аркылуу айып пулдун каражатын төлөгөн жана алардын маалымат номуруна байланышкан. Жарандар үчүн дагы бир жолу эскерте кетели, эгер алар терминал аркылуу операция жасаса, ал жактагы номурлар жеке жакка карайт. Бул учурда биздин кызмат аларга көзөмөл жүргүзбөйт. "Коопсуз шаар" боюнча маселе болсо, биздин расмий операторлорго байланышып, маалымат алса болот. Алар эки тилде кайрылууларды кабыл алат", - дешти басма сөз кызматынан.
Маалыматка ылайык, "Коопсуз шаар" боюнча 3 миңге жакын маалымат операторлору иштейт. Алар жарандардын кайрылууларын (0312) 53-03-76 жана (0312) 53-03-89 номурлары боюнча кабыл алат. Мындан тышкары, 100 кыска номуру жана WhatsApp номуру 0706 63 09 00 иштейт. Бардык чалуулар акысыз жүргүзүлөт.




Озунчо эле кыздар ойсондоп орусча суйлогонучу!
Тилди биз барктабасак,бироо келип барктабайт!.Тан калам кыргызча суйлогондон уялгандарга.Озубуздун тил турса башка бироонун тилин,эрдик менен суйлогондорго жол болсун.
Биринчи озубузди,тилибизди сыйлашыбыз керек туугандар!!!