super.kg logo
  Спорт  

Көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугу: Кыргызстандыктар Болгариядан жеңилип калышты

 

Бүгүн, 14-августта Польшанын Познань шаарында өтүп жаткан көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстан аялдар курама командасы Болгариядан пенальтилер сериясында утулуп калды.  Бул тууралуу оюндун расмий сайты жарыялады. Оюнга бөлүнгөн негизги убакытта командалар 4:4 эсебинде оюнду жыйынтыкташты. Буга байланыштуу 11 метрден дарбазага топ тебүүнүн жыйынтыгында 2:1 эсебинде болгариялык команда жеңишке жетти. Эми Кыргызстан Швеция командасы менен беттешмекчи. Эскерте кетсек, 3 айлампанын жыйынтыгы менен Кыргызстан командасы 6 упайга ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: