super.kg logo

Кош бойлуу болуп көрүнүүнү ойлоп тапкан. Аргентинада курсагына 4 килограммдан ашуун баңги затын катып бара жаткан аял кармалды

 

Аргентинанын коопсуздук боюнча министри Патрисия Буллрич баңги затын кош бойлуу сыяктуудай көрсөтүп, курсагына катып бара жаткан аялдын кармалганын маалымдаган. Чет элдик басылмаларда жазылгандай, министр Буллрич анын жанында күйөөсү болуп көрүнүп бара жаткан өнөктөшүнөн 2 таңгак баңгизат табылбаса, ал аялдын кош бойлуулугунун жасалма экенинен эч ким шек санабай калмак.

Маалыматта жазылгандай, аялы-күйөөсүндөй көрүнгөн бул өнөктөштөр крахмал пастасынан кош бойлуу аялдын курсагындай болгон форманы жасап, анын ичине 15 таңгак марихуананы салышкан. Жалпысынан ал 4 килограммдан ашуун салмакты түзгөн.

Баңги затын ташып бараткан аял-эркек Аргентинанын Чили менен чектешкен аймагына жакын жеринен кармалган.

"Адегенде анын жанындагы эркек кишиден 2 таңгак марихуана табылган. Андан кийин кош бойлуу көрүнгөн "болочоктогу энени" да текшерүүгө туура келген", - деп жазылат маалыматта. Бул боюнча тергөө, иликтөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.11.2019. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
4 кг 105 грамм окшойт журналистер. Урдурбагыла
20.11.2019. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
souza.j,туура айтасыз, журналисттен ката кеткен 1 грамм деп
20.11.2019. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалпы кг 4,105 экен куйоосунукунда кошуп айтывататко отуруп алып акылдуу боло бербегилечи кайра кайра окугула шашпай!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: