super.kg logo
  Саясат  

Депутат Аалы Карашев: "Ири инвесторлор ойдогудай келбей жатат". КҮНСОБОЛ

 

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте "Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү" аттуу өнүгүү форуму өттү. Анда президент Сооронбай Жээнбеков 2024-жылга чейин дагы 552 айылга таза суу жеткирүү маселесин чечүү зарыл экенин айтты. 345 айылды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 450 миллион доллар донорлор тарабынан каржылоо зарыл экендиги аныкталганын билдирди. Мамлекет башчы эл аралык институттарды, чакан ГЭСтерди курууга инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүүгө чакырды. Ошондой эле Жээнбеков "Манас" аэропортунун жана анын тутумуна кирген аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын модернизациялоого инвестиция талап кылынарын белгиледи.

SUPER.KG порталы "Кыргыз өлкөсүнө эмне үчүн ири инвесторлор келбей жатат?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев инвесторлор келиши үчүн ишенимдүү шарт түзүү керектигин айтты.

"Өкмөт парламентке келген сайын инвесторлорго жакшы, ишенимдүү шарт түзүлүшү зарыл деп айтып келебиз. Инвесторлор үчүн бейиштегидей шарт түзүү керек. Тилекке каршы, баары ишке ашпай калып жатат. Инвесторлор келиши үчүн салык, коммуникация жагынан дагы шарт түзүү абзел. Өлкөдө туруктуулук болушу шарт. Ошондо инвесторлор келет деген ой бар. Өкмөт деле аракет кылып жатабыз деп айтышууда. Бирок инвесторлор ойдогудай келбей жатат", - дейт Аалы Карашев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: