Бишкекте сабактан чыгып, дайынсыз болуп жаткан 1-класстын окуучусу аман-эсен табылды



Бишкекте сабактан чыгып, дайынсыз болуп жаткан 7 жаштагы окуучуну милиция кызматкерлери эки сааттын ичинде табышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматкери билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 19-ноябрь күнү саат 16:00 чамасында Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаардагы мектептердин биринде 1-класста окуган окуучу сабактан чыгып, үйүнө келбегенин айтып, ата-энеси кайрылган.
"Маалымат түшөрү менен Свердлов РИИБинин өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору окуучуга издөө салып, издей баштаган. Натыйжада кызматкерлер окуучуну 2 саат аралыгында табышкан. Ал мектептен чыгып, үйүнө барчу жолду унутуп калганын айткан. Окуучу аман-эсен ата-энесине өткөрүлүп берилген. Ал эми табылган баланын ата-энеси милиция кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирди, - деп жазылат маалыматта.



