Министрлик: "Оор жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүндө чынжыр болбосо, айдоого тыюу салынат"
Кыргыз өлкөсүндө жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүнө тайгалактан сактоочу чынжырларды тагуу эми айдоочу үчүн милдеттүү. Бул боюнча транспорт жана жолдор министрлиги убактылуу буйрук чыгарды. Ага ылайык, аба ырайынын кескин өзгөргөнүнө байланыштуу оор жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүндө чынжыр жок болсо, аларды айдоого тыюу салынат. Бул мыйзам атайын адам өмүрүн алган жагымсыз учурлардын алдын алуу үчүн иштелип чыккан аракет болуп эсептелинет.
Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө
“Ош-Сарыташ - Эркечтам”, “Жалал-Абад – Балыкчы”, “Бишкек-Балыкчы — Нарын-Торугарт”, “Бишкек-Ош” жолдорунун башкармалыктарына жүктөлдү жана көлөмдү көзөмөлдөө агенттигине тапшырылды. Мындан тышкары, жол департаментинин жетекчилиги көчкү түшүү коркунучу бар жерлерге алдын ала эскертүүчү белгилерди коюуга милдеттенме алышты.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз өлкөсүндө 2019-жылдын 20-ноябрынан 24-ноябрына чейин туруксуз аба ырайы күтүлөрү маалымдалган.





1 |