super.kg logo
  Саясат  

Президент: "Балдарды коргоого, зордук-зомбулукка жол бербөөгө багытталган иштерди күчөтүшүбүз керек"

 

Бүгүн, 20-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Балдардын укуктары боюнча конвенциянын кабыл алынышынын 30 жылдыгына карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мындан туура 30 жыл мурда Бириккен улуттар уюму Баланын укугу жөнүндө конвенцияны кабыл алган. Кыргыз мамлекети ушул Конвенцияга кошулганына 25 жыл болду. Аны менен биздин коом ар бир бала ата-эненин жана мамлекеттин камкордугунда болот деп милдет алган.

Биз балдардын укуктарынын сакталышын, сапаттуу билим алуусун, ден соолугунун корголушун, үй-бүлөнүн курчоосунда жана коопсуз чөйрөдө өсүшүн камсыз кылып, аларга карата зордук-зомбулукту болтурбоого милдеттүүбүз.

Баарыбыз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берип, алардын өзү теңдүүлөр менен катар өнүгүүсүнө шарт түзүшүбүз керек.

Укук коргоо органдарынын, соттордун жана жергиликтүү бийлик органдарынын балдарды коргоого, зордук-зомбулукка жол бербөөгө багытталган иштери күчөтүлүүгө тийиш.

Ушул жылдын 1-июнунда башталган балдарды коргоого багытталган "Тумар" кампаниясы жыл сайын өткөрүлүүгө тийиш.

Балдарыбыз бактылуу болушсун. Аларга камкордук жана кубаныч тартуулайлы!" - деп айтылат кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: