Жол коопсуздугунун кызматкерлери рейд өткөрүп, анда 6056 жол эрежесин бузуу фактысы катталды
ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери 16-19-октябрь күндөрү “Рулдамын” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүштү. Бул иш-чаранын негизги максаты жол кырсыктарынын санын азайтуу, жөө жүргүнчүлөрдүн маданиятын жогорулаттуу, өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу болуп эсептелет.
Бул иш-чаранын жыйынтыгында, жалпысынан 6056 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Анын ичинен:
Автоунаанын алдыңкы жана маңдайкы терезелерин атайын күңүрттөтүү боюнча - 72;
Мас абалында унааны башкарган үчүн - 122;
Жол эрежесинде көрсөтүлгөн тиешелүү документтери жок унаа башкаргандыгы үчүн - 62;
Автоунаага жасалма номер тагып башкаруу үчүн - 6;
Айдоочунун ИИМ кызматкерлерине баш ийбегендиги үчүн - 5;
Башка жол эрежелерин бузуу боюнча жалпы көрсөткүч - 5789;
Атайын унаа токтотуучу жайларына - 144 унаа киргизилди.



