Бишкекте жеңил унаа эки мектеп окуучусун сүзүп кетти
Бишкектин Шота Руставели жана Айни көчөсүндө жеңил унаа эки мектеп окуучусун сүзүп кетти. Маалыматты республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 20-ноябрь күнү саат 18:40 чамасында болгон. Анда Honda Odyssey унаасы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 15 жана 14 жаштагы эки мектеп окуучусун сүзүп кеткен.
"Эки окуучу ооруканага жеткирилди, ал эми унаа айып аянтчасына токтотулду. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Бишкекте жеңил унаа эки окуучуну сүзүп кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.