super.kg logo
  Саясат  

Депутат Ош жана Баткен облустарында чек арага жакын жайгашкан эл ыңгайсыздыкты жоюп берүүнү суранып жатканын айтты

 

Депутат Дүйшөн Төрөкулов Ош жана Баткен облустарында чек арага жакын жайгашкан эл ыңгайсыздыкты жоюп берүүнү суранып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Эл менен болгон жолугушууларда чек арага жакын жайгашкан, коңшулаш өлкөлөр менен соода-сатык кылып күн кечирген бир топ жарандарыбыз өкмөткө арыздарын жеткирип коюуну өтүнүштү. Жергиликтүү тургундардын айтымында, элибизге күнүмдүк керектелүүчү ар түрдүү жер-жемиштерди мезгил-мезгили менен бири-биринен алып-сатып жан багып келишет. Учурда алардын саны миңдеп саналат жана көпчүлүгү салык төлөөчүлөр. Тез бузулуучу айыл-чарба азык-түлүктөрүн ЕАЭБдин талабы боюнча, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан рефрижератор, термобудка менен гана ташуу нормасы киргизилген.

Азыркы учурда талапка ылайык, рефрижератор, термобудкалардын жетишсиздигинен улам, суткалап кезек күтүүсүнө жана кызмат акысы кымбат болгондугуна байланыштуу ыңгайсыздыктар жаралып, жер-жемиштер коңшулаш өлкөлөргө караганда бизде баасы айырмаланып, ошондой эле кээ бир атайын кызмат өкүлдөрү жаңы нормаларга таянып, коррупциялык иштерге барышууда.

Ошол себептен, Ош жана Баткен облустарында чек арага жакын жайгашкан эл ыңгайсыздыкты жоюп берүүнү жана ушул нормалар үчүнчү мамлекетке жөнөтүлгөн айыл-чарба товарларына гана каралышын суранышууда. Бүгүнкү күндө өкмөт чек арага жакын жайгашкан, өзгөчө макамы бар аймактардын шарттарын жакшыртуу талабын аткарышы керек. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин жетекчилиги менен жеке байланышкандан эч кандай майнап чыккан жок. Бул маселени өкмѳт башчыга жеткирип, биргелешип чечип берсек, элибизге бир топ жеңилдиктер түзүлмөк", - дейт депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: