Бишкекте бычак кармап, милиция кызматкерлерине кол салууга аракет кылган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Бишкекте бычак кармап, милиция кызматкерлерине кол салууга аракет кылган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. 1992-жылы туулган Т.У. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Айта кетсек, окуя 20-ноябрда саат 12:30 чамасында Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Бычак менен тап берген жаранды кармоо учурунда Биринчи Май РИИБинин кызматкери колунан жаракат алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
kechirmeni

21.11.2019. 11:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят эле, зорго кармап зорго кишен салышты го
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.