Орусияда "зыяндуу" деп табылып, колдонууга тыюу салынган украиналык момпосуйду Кыргызстандагы эксперттер "зыянсыз" деп табышты

Кыргызстандын тамак-аш эксперттери тарабынан украиналык “Рошен” кондитердик корпорациясынын азык-түлүктөрүнүн курамынан адамдын ден соолугуна зыян тийгизе турган заттар табылган жок. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана экспертиза департаментинин жетекчиси Төлө Исаков билдирди. Эскерте кетсек, Орусияда аталган компаниянын азык-түлүктөрүнүн курамынан адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизе турган зат таап, 29-июлдан баштап компаниянын продукцияларын Орусиянын аймагына алып кирүүгө тыюу салган болчу. Бул компаниянын азыктарын Беларусь, Казакстан, Молдова жана Тажикстан өлкөлөрү да текшерип, Тажикстан менен Молдова "таза" деп тапты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
-1

