"Аврора" тасмасы Индонезияда өтүп жаткан эл аралык кинофестивалда калыстардын сынына коюлат



Индонезияда өтүп жаткан эл аралык кино фестивалда кыргыз режиссёру Бекзат Пирматовдун тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематографисттер департаментинен маалымдады.
Бекзат Пирматов режиссёрлук кылган "Аврора" тасмасы "Asian Feature" конкурстук программасына катышат. Фестивалдын жүрүшүндө "Аврора" тасмасы эки ирет көрсөтүлөт.
Фестивалда Пол Агуста (Индонезия), Жон Торрес (Филиппин) жана Кыргыз өлкөсүнөн Гүлбара Төлөмүшева калыстык кылат.
"XIV Жокья-НЕТПАК" Азия тасмаларынын эл аралык фестивалы 19-ноябрдан 23-ноябрга чейин Ява аралындагы Жокьякарта шаарында өтөт. Фестивалдын максаты - Азиядагы эң мыкты тасмаларды пропагандалоо, азиялыктардын бири-биринен үлгү алуусуна түрткү болуу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.