Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартиби бекитилди
Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Ага ылайык, өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды бирдиктүү баалоо максатында ушундай чечим кабыл алынды.
"Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартиби Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, менчик түрүнө карабастан уюмдар жана ишканалар үчүн өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды бирдиктүү баалоо ченемдерин белгилейт. Бул өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоодо кызыкдар тараптардын көп жактуу катышуусуна жана көмөктөшүүсүнө негизделген усулдук жардам көрсөтүү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун уюштуруучулук-укуктук негиздери «Жарандык коргонуу жөнүндө» мыйзамы жана «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критерийлери жөнүндө» токтому менен аныкталат.



