super.kg logo

Кытай лагерлер тууралуу документтердин жарыяланышын "фейк" деп атады

 

Кытайдын Шинжаң шаарында жергиликтүү бийлик аймакта мусулман динин туткан аз улуттарга карата жасалган саясат тууралуу 400 барактан турган ички документтердин ачыкка чыгышын “фейк” деп атады. Бул тууралуу "New York Times" (NYT) гезитине жарыяланган.

Маалыматка ылайык, Шинжаңда лагерлерде кармалгандардын саны 2016-жылы кескин көбөйгөн. Бирок алардын так саны айтылган эмес.Ошондой эле бул документтер Кытайдын саясий истеблишмент мүчөлөрүнүн бири тарабынан берилгенин кабарлаган.

"Документте “саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде” кармалган кишилерин туугандарына кандай жооп берүү керектиги жөнүндө аткаминерлер үчүн көрсөтмөлөр камтылган. Жоопто кармалгандардын качан чыгарына "үй-бүлө мүчөлөрүнүн жүрүм-туруму роль ойной турганы” айтылышы керек экендиги белгиленген. Ал эми сыр калууну суранган булак “бул маалыматтарды ачыкка чыгаруу партия жетекчилеринин, анын ичинде Си Цзиньпиндин жапырт камоолор үчүн жоопкерчиликтен качып кетишине жол бербейт” деп үмүт арткан", - деп айтылат маалыматта.

Буга карата Шинжаң "New York Times" гезитиндеги материалды ички жана тышкы душмандар тарабынан даярдалган “фабрикация” деп мүнөздөдү.

Мындан тышкары, 18-ноябрда Кытайдын Тышкы иштер министрлиги жарыяланган документтердин анык экенин төгүндөгөн эмес. Кытай өкмөтүнүн Шинжаңдагы программасы ийгиликтүү жүзөгө ашканын, аны башка өлкөлөр да колдонсо болорун билдирген.

Маалым болгондой, Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, ушул тушта Кытай бийлиги жалпы саны бир миллиондой уйгур жана башка аз улут өкүлдөрүн атайын лагерлерде эркинен тыш кармап отурганын билдирген. Бирок Кытай тарап мындай дооматтарды четке кагып, андай жайларды "тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор" деп атап келе жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
21.11.2019. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Аша чаап исламдашып, арабташып кереги жок. Динге көз каранды болуп жашаган эл эч качан өнүкпөйт. Адамдардын мүмкүнчүлүгү ачылбайт. Тескерсинче чектелет. Дин адамдардын эркин өсүп өнүгүшүнө тоскоол кыла турган идеология. Адамдын мүмкүнчүлүгү чексиз. Ошол мүмкүнчүлүктү дин көз караш менен чектебеш керек. Чала сабатсыз молдолордун оюна көз каранды болуп жашабайлык.
zhaku2017 түзөттү 2019-11-21 15:48:58
21.11.2019. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
zhaku2017,Далбаева Жаку адашыпсын Мусульмандар онугуп жер жузун башкарып калуусунан коркот бул кытай капырларын Ислам дини аябай таза дин
22.11.2019. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhaku2017,сен озун элестетип алган жашоо менен жашай бер. Озунду озун бил отугунду торго ил. Мага десе штанынды чечип башына кийип ал. Олум анык. Ислам дини анык. Исламды чыныгы дин экенин сенден мин эсе акылдуу генийлер далилдеп ишенип атышат. Алардын астында сенин чача пача акылын ким болуптур.
21.11.2019. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
эч кандай фейк эмес адам жегич кытайлардын дуйнону багындыруунун жолдорунун бири
22.11.2019. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер Инфо өткөндө эки макаласында Шинжаңды мактаган макаласы чыкты эле, мына эми көрүп алгыла. Ушул макаланын артынан түшүп изилдеп чыккылачы урматтуу Супер инфо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: