super.kg logo

Жогорку Кеңеште Социалдык фонддун 2018-жылдагы жалпы кирешеси 51 миллиард 13 миллион сомду түзгөнү айтылды

 

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеӊеште Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту каралды.

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, өткөн жылдагы жалпы кирешеси 51 миллиард 13 миллион 750 миӊ сомду түзгөн, мурдагы жылга салыштырмалуу 104,3 пайызга көп. Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү план боюнча 30 миллиард 800 миллион 305 миӊ сом болсо, иш жүзүндө 30 миллиард 642 миллион 143 миӊ сом каражат түшкөн.

"Камсыздандыруу төгүмдөрү пландагыдан 5 пайыз кем аткарылганына карабастан, 2017-жылга салыштырмалуу 107 пайызга өскөн же 1 миллиард 902 миллион 495 миӊ сом көп жыйналды. Ал эми акциялар боюнча дивиденддер менен акча каражаттарынын калдыктарына чегерилген пайыздардын эсебинен түшкөн дагы башка кирешелер 349 миллион 860 миӊ сом өлчөмүндө болду", - деди ал.

Социалдык фонддун 2018-жылдагы жалпы чыгымы 50 миллиард 309 миллион 666 миӊ сомду түздү.

  • Пенсиялык фонддун чыгымы 46 миллиард 96 миллион 37 миӊ сом;
  • Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгымы 2 миллиард 328 миллион 445 миӊ сом;
  • Эмгекчилердин саламаттыгын чыӊдоо фондунун чыгымы 288 миллион 839 миӊ сом;
  • Мамлекеттик пенсиянын топтомо фондунун чыгымы 1 миллиард 596 миллион 344 миӊ сом.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: