super.kg logo

Министр студенттик жатаканалардын шарттары менен таанышты

 

19-ноябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Бишкектеги студенттик жатаканалардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда министр Кыргыз улуттук агрардык окуу жайынын, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин, Бишкек автомобиль жана жол куруу колледжинин, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык окуу жайынын, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жатаканаларынын абалы менен таанышып, студенттердин жашоо шарттары, окуулары боюнча баарлашканы белгиленди.

"Министр аталган окуу жайлардын жатаканаларындагы бөлмөлөрдүн абалы, тамак жасоочу, санитардык жана жуунучу жайларынын шарттары менен таанышты. Мындан тышкары, Каныбек Исаков студенттик кеңештин төрагалары, ар бир кабаттын старосталары менен баарлашты. Жатаканада студенттер үчүн ар түрдүү социалдык, маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүүсүнө кызыкты.

Министр таанышкан Бишкек автомобиль жана жол куруу колледжинин жатаканасынын 1-2-3-кабаттарында үй-бүлөлүү кызматкерлер болсо, 4-кабатында студенттер жашашат. Исаков жатаканадагы өрт коопсуздук талаптарын сактоого жана жылуулук системин жакшыртууга көңүл бурулушу керектигин айтты.

Соңунда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жатаканасында болуп, секциялардын абалы орто деңгээлде экенин белгилеп, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү зарылдыгына токтолду", - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында өлкө боюнча ар бир окуу жайдын жетекчилигине студенттик жатаканалардын инфраструктурасын жакшыртуу: кеңейтүү, өнүктүрүү, жатаканалардын айланасын жарыктандыруу, коопсуздук камераларын орнотуу боюнча тапшырмалар берилерин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
21.11.2019. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
молодец ушул Исаков оз ишин жакшы билген минстр ОШМУну жаркыратып койгон
21.11.2019. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мына иштейт деген ушунтип иштеши керек. Текшерип коруп студент жеген тамакты жеп. Башка министрлер да улгу алуусу керек.
21.11.2019. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
оз ишин жакшы баштаптыр, стуенттердин маселесине конул буруп
21.11.2019. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сохраняйте чистоту )))
21.11.2019. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец! Бир дагы министр жатакананы кыдырды дегенин уккан эмесмин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: