Кыргыз улуттук университетинен жооп. "Жылуулук берилген. Даараткана толук жабылган учур болгон эмес"









Буга чейин социалдык тармакка жарыяланган "Кыргыз улуттук университетинде оңдоп-түзөө иштери жүрүп, дааратканалар бекитилип, жылуулук жетиштүү берилбей, үшүп-тоңуп ооруп жатабыз" деген студенттин нааразычылыгы тууралуу жазганбыз. Бул боюнча университеттин Тарбия иштери боюнча бөлүм жетекчиси Ынтымак Касмакунов SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Университетти оңдоп-түзөө иштери жазында башталган. Быйыл бүтүрүш керек деген план коюлгандыктан, күз-кыш болобу аягына чыгарабыз. Негизи университеттин башкы корпусунун эки канаты бар. Бир канатында оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатканда экинчи канаты ачык болот. Даараткана толугу менен жабылып калган учур болгон эмес. Албетте, ар бир студенттин өз ою бар, балким, бир тараптан экинчи тарапка өтүү оор болуп, ошондой маалымат тараткандыр. Аудиториялар жайында каникул учурунда сырдалган, азыр зал, коридорлорду кезек-кезеги менен боёп жатышат. Жылуулук болсо ноябрдын башында эле берилген. 7-8-ноябрь күндөрү эс алуу болгон учурда жылуулукту токтотуп, кайсы жактан суу чыгып жатканын карап, кемчиликтерди бүтөп чыгышкан. Студенттер дүйшөмбү күнү сабакка келгенде жылуулук кайра берилген болчу. Башкы корпус абдан чоң, анын баарына жылуулук дароо эле жетип калбайт да. Жылуулук бардык жакка тараш үчүн 2-3 күн керек болот. Азыр корпус жылуу", - дейт Ынтымак мырза.





1 |