super.kg logo

"Азиз Батукаевди Жаныш Бакиев менен алмаштырышмак". Атаханов менен Атамбаевдин беттештирүүсүнүн протоколу интернетке жарыяланды

 
Азиз Батукаев жана Жаныш Бакиев

Интернетте экс-вице-премьер-министр Шамиль Атаханов менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин беттештирүүсүнүн протоколу тарады. Ал документте 2019-жылдын 21-августунда болгону жазылган.

Беттештирүүнү ИИМдин Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Э.Аширходжаев жүргүзгөн. Беттештирүүдө Алмазбек Атамбаев бир дагы суроого жооп берген эмес.

Атахановго Кыргыз өлкөсүнө Рамзан Кадыровдун жакындарынын бири Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимханов жеке учагы менен келип, Батукаев айыккыс дарт менен ооруп жаткандыгын жана мыйзам боюнча бошотулуп Чеченстанга экстрадициялоо мүмкүн экендигин айткан. "Сүйлөшүүдө эгерде Жаныш Бакиевди Кыргыз өлкөсүнө алып келинсе, анда бул маселени карап көрүүгө болот", - деп айткан Атаханов.

Бул боюнча Делимханов дароо макулдугун берген эмес. Кийинчерээк бул иш мүмкүн экендигин билдирген. "Бул боюнча Атамбаевге билдирип, Батукаев тууралуу, анын криминалдык таасири тууралуу айтып бергем. Бирок анын оорусу түрмөдөн чыгара тургандай оору эмес болчу. Аны түрмөдөн бошотуу үчүн УКМК тарабынан атайын операция уюштурулган", - дейт Атаханов.

"Кийин Атамбаев эки тараптын макулдашуусу менен Батукаев менен Жаныш Бакиевди алмашуусун тапшырган. Атаханов УКМКнын жетекчилик кызматынан бошогондон кийин дагы бул операцияны карап турган. Чеченстан тарап Жаныш Бакиевди экстрадиция кылууну ишке ашырган эмес, анткени бул маалыматты Бакиев билип калып, БАЭге качып кеткенге үлгүргөн", - деген Атаханов.

Беттештирүүнүн протоколуна Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары Сергей Слесарев жана Замир Жоошев, Атахановдун жана анын жактоочусу Султан Баратов кол коюшкан. Атамбаев бул протоколго кол койгон эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
21.11.2019. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аай байкуш алданып калган экен да АША, не дешти деле билбейсин...
21.11.2019. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Калп эле Бакиевтерди кошо бербесин, эми жоопкерчиликтен качуу учун ушул эле калды эле ойлоп таппаган. Дагы эмне деп элдин башын айландырат
21.11.2019. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эл арасында айтылып журот Батукаевди бошотууга 115 млн алган Атамбаев деп, 2 млн башка участниктерге болуп берип, 113млн озу алып алган деп. Бакиевди кошпой эле койсун
21.11.2019. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АШАнын амалкөй дегенине ишенчуу эмес элем эми точно ишендим. Бул АША актанганды ордуна коет экен чиркин.
21.11.2019. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
АШАкем калпты ышкыртыптыр го чиркин
22.11.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Туура эле ойлоулуптуп Канкорду алып келип турмого тыгыш керек эле. Атамбаев эмес ошол Жаныш канкор отуруш керек болчу турмодо. А азыркы заман саткындардын заманы болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: