super.kg logo

Чүйдө жеңил унаа трактордун прицебине урунуп, бир жүргүнчү каза болду

 

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылына жакын жерде жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 21-ноябрь күнү саат 19:30 чамасында болгон. Анда Бишкек—Күн-Туу унаа жолунда Volkswagen Passat унаасы трактордун прицебине урунган. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү жаракат алышкан.

Жабыркагандар Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Жеңил унаада жүргүнчү катары келе жаткан 26 жаштагы жаран жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болгон.

Бул факты Сокулук РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: