super.kg logo

Суусамырда Мерседес-Спринтер унаасы жүк ташыган унааны артынан келип сүзүп, бир адам каза болуп, 4 адам жабыркады

 

Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө Мерседес-Спринтер унаасы жүк ташыган унааны артынан келип сүзүп, бир адам каза болуп, 4 адам жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 191-чакырымында тактап айтканда, Суусамыр өрөөнүндө болгон. Анда Мерседес-Спринтер унаасынын айдоочусу жолдун боюнда токтоп турган жүк ташуучу унааны артынан сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза болуп, 4 адам жабыркаган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.

Куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар жолдо бараткан унаалардын жардамы менен Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

Окуя болгон жерде 6 куткаруучу иш алып барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.11.2019. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жалганчылар эч кандай куткаруучулар келген жок ал жерде связ жок экен ар бери откон машинелер топтолуп ичинде каза болуп калган кишини чыгарышты жаракат алгандарды ар ким бирден салып ооруканага жеткиришти.
23.11.2019. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
u02u02, куткаруучулар оздорунун каттоо журналына каттап бензин, айлык маяна, болгарканын вулканитин оздорунун чонтогуно салыштыда...
22.11.2019. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ноокат р-н Кок бел айылынын тургундары экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: