Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылдагы бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 15 миллиард 745 миллион сом көлөмүндө болжолдонууда
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылдагы бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 15 миллиард 745 миллион сом көлөмүндө болжолдонууда. Бул тууралуу кечээ, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында аталган фонддун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.
Анын айтымында, фонддун 2020-жылдагы бюджетин түзүүчү негизги булактар болуп республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар менен Социалдык фонддун бюджетинен берилүүчү милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелет. "Ошондон улам, республикалык бюджеттен берилүүчү каражат 10 миллиард 852 миллион сом көлөмүндө, Социалдык фонддун бюджетинен берилүүчү каражат 2 миллиард 569 миллион сом өлчөмүндө болжолдонууда. Фонддун 2020-жылга карата чыгашалары келип түшүүсү болжолдонгон каражаттардын чегинде 15 миллиард 745 миллион сом, 190 миллион сом көлөмүндө камсыздандыруу запасын эске алуу менен болжолдонууда", - деп айтылат маалыматта.





1 |