super.kg logo

Өлүм алдында турган ымыркай эгизи жанына жатканда жанданып кетти

 

Уэльстин жашоочусунун эгиз уулдары ара төрөлүп, алсыз жаткан биринин жанына эгизин жаткырганда дароо оңолуу байкалган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

28 жаштагы Ханна Зимунья 25 жумалык боюнда бар кезде толгоо башталып, дарыгерлер 2 күн толгоону токтотконго аракет кылышкан. Бирок аракет ишке ашпай, Дилан (900 грамм), Дейниол (700 грамм) жарыкка келет. Дарыгерлер эки ай бою алсыз болгон Дейниолдун өмүрү үчүн күрөшүп, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошушкан. Ал эми Дилан эгизине салыштырмалуу бат торолуп, ооруканадан чыгарылган. Ханнанын эгиздеринен тышкары 3 баласы болгондуктан, Дейниолдун жанында такай боло алган эмес. Көп өтпөй, Дейниолдин ден соолугунда жылыш болбогондуктан, дарыгерлер ата-энесин чакыртышат. Жакшылыктан үмүт үзгөн ата-эне Диланды эгизи менен акыркы жолу кучактап коштошуп алсын деген ойдо жанына жаткырып коюшат, 5 мүнөттөй эгизи жанына жатканда кичинекей Дейниолдун абалы жакшыра түшөт.

"Буга ишенүү аябай кыйын болду. Билбейм кантип, бирок Дилан Дейниолго жардам берди. Ал жөн гана жанында жатса, эгизи дароо жандана түштү. Мен да, дарыгер да мындайды күткөн эмеспиз. Кийинчерээк Диланды алып кетсек, кайра эгизинин абалы начарлап, дарыгерлер бизди чакыртып алышты. Дилан эгизинин жанында эки күн жаткандан кийин Дейниол өзү дем алып, жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгарышты. Бул керемет окуя. Дилан эгизин кучактап, өлүмдөн сактап калды. Көрсө, эгиздерди башынан эле бөлбөшүбүз керек экен", - дейт эне.

Жакында Дилан менен Дейниол 1 жашын белгилешти. Азырынча Дейниолго дем алуу үчүн кошумча кислород керектелип турат. Бирок абалы оңолуу жолунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(8)
22.11.2019. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сонун окуя экен. Коп жашашсын. Бактылуу болушсун
22.11.2019. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Алланын кудирети,өлукту тирилтет,тирүүнү өлтүрөт,тообо кылалы туугандар.
22.11.2019. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жараткан Тенир ымыркайларга ден соолук берсин.
22.11.2019. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым омурлорун берсин!
22.11.2019. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тенирим балдарга омур берсин.
23.11.2019. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
iryi1,Тенир эмес Аллахым деп суйлочу
23.11.2019. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurliz11,
Аллах эмес, Тенир деп айткан туура болот.
22.11.2019. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өмүрлүү болушсун....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: