super.kg logo

Корей жылдызы Соң Хйе Кйонун туулган күнүнө күйөрмандары сюрприз жасашты

 

Белгилүү түштүк кореялык актриса Соң Хйе Кйо бүгүн, 22-ноябрда 38 жашка чыкты. Туулган күнүнүн урматына күйөрмандары Нью-Йорк шаарындагы Таймс-Сквердеги чоң жарнамалык экранга актрисанын сүрөтүн илдиришкен. Бул тууралуу чет элдик булактар жазышууда.

Маалым болгондой, 17-ноябрь күнү Соң Хйе Кйонун кореялык жана чет өлкөлүк күйөрмандары Тайм-Сквердеги чоң жарнамалык экранга кумиринин сүрөтүн жайгаштырышкан. Актрисага жасалган сюрприз канчага бааланганы белгисиз, бирок Thomson Reuters жана Nasdag жарнамалык тактайларга бир жумалык жарнама үчүн орточо эсеп менен 30 000 доллар төлөнөрү айтылат.

Белгилей кетсек, түштүк кореялык жылдыздардын күйөрмандары акчанын көзүнө карабай сүйүктүү айдолдоруна ар кандай жагымдуу сюрприз кылып турушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: