super.kg logo
  Саясат  

Кылычбек Султан: "Саймаити боюнча депутаттык комиссиянын ордуна көз карандысыз мамлекеттик комиссия түзүлсө туура болмок"

 

Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча депутаттык комиссиянын ордуна көз карандысыз мамлекеттик комиссия түзүлсө туура болмок. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда мурдагы элчи Кылычбек Султан Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Мындан сырткары экс-элчи "бийлик эл ишениминен биротоло ажырап калды, жаңы шайлоолор жарыяланышы керек" деген пикирин билдирген.

Эске салсак, 11-ноябрга караган түнү Стамбул шаарында "Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаити киши колдуу каза болгон. Окуя болгон жерде Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 консулдук номерлүү унаа болгон. Ал унаа Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн башкы консулу Эркин Сопоковго таандык болуп чыгып, ал 12-ноябрда кызматынан бошотулган. Саймаитинин өлүмү боюнча баш-аягы 4 адам шектелип кармалганын буга чейин түркиялык басылмалар жазып чыгышкан.

Ал эми кечээ, 21-ноябрда Жогорку Кеңеште Саймаити боюнча маалыматтарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: