super.kg logo
  Саясат  

Искендер Матраимов "Азаттыктын" иликтөөсү боюнча: "Анонимдүү маалыматты ишенимдүү булак деп жарыялоо туура эмес"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов "Азаттыктын" иликтөөсү боюнча үн катты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-ноябрда социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.

"Иниме байланыштуу айтылып жаткан айыптоолор боюнча жооп берейин. "Азаттык" биринчи иликтөөсүндө жасалма документтерди негиз кылып жалган маалымат таратканы далилденген. Сиздерге белгилүү болгондой негиз кылып көрсөткөн документтер жасалма болуп чыккан. Экинчи иликтөөсүндө дагы ошондой эле каралоону уланткан. "Булактарыбыз айтты, атын айткандан коркту" деген мисалдарды келтирген. Мындан тышкары, "Азаттыктын" негизги таянган булагы алдамчылык жана мыйзамсыз иштер менен алектенген Айэркен Саймаити. Саймаитинин сөздөрүн бекемдеди деген маалыматтары анонимдүү кишилер. Анонимдүү маалыматты ишенимдүү булак деп жарыялоо туура эмес. Алар жөн гана кылмышка шектүү адамдын сөздөрүнө таянышкан. Оор кылмышка шектелген алдамчы адамдын маалыматтары менен биздин каралоо максаттуу жүрүп жатат", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: