super.kg logo

"Күйөөм мага жетиштүү көңүл бурбайт". АКШда күйөөсүнө өчөшүп балдарын өлтүрүп салган аялга соттун чечими чыкты

 

АКШнын Огайо штатында жашаган 27 жаштагы Бриттани Пилкингтон аттуу аял 3 баласын өлтүргөн. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда. Ага алайык, ал мындай мыкаачылык кадамга күйөөсүн кызгангандан улам барган.

"Мага жана менин кызыма күйөөмдүн көңүл буруусу жетишсиз болчу" деген ал. Өлтүрүлгөн балдардын эң кичүүсү 3-4 айлык болгон. Аял күнөөсүн моюнуна алып, окуя тууралуу айтып бергенден кийин сот аны өлүм жазасына тартылбай турганын билдирген.

"Аял 3 баланы атайлап өлтүргөнгө айыпталып жаткан, бирок ал балдарынын бирин капысынан өлтүрүп алганын айткан. Баласы Найл 4 айлык кезинде капысынан үстүнөн басып өткөнүн, бул анын өлүмүнө себеп болгонун айткан. Андан кийин 2 баласын ал өзү жууркан менен тумчуктуруп өлтүргөн", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, Пилкингтон күйөөсү ага жана кызына эркек баласына караганда аз көңүл бурганын айткан. Жолдошу өзүнөн 20 жаш уулу, ал Бриттани Пилкингтон менен анын жашы жете элек кезинен тартып эле жыныстык катнашта болуп келген. Мындан улам анын жактоочусу ал кичинекей кезинен психикалык жактан травма алган деп, бул жагдайды эске алууну айткан. Ал эми аялдын күйөөсүнө карата жашы жете элек өспүрүм менен сексуалдык катнашка барган деп кылмыш иши козголгон. Балдарын өлтүргөн аялды сот 37 жылга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.11.2019. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улуу болбойбу
23.11.2019. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Миң мертебе тообо кылдым... Күйөөсүнө өчөшүп күчү жетпеген соң,алсыз балдарынан өч алган турбайбы...Кудай жанзаттардын арасынан эң акылдуу кылып адамды жараткан.Мындай окуяларды окугандан кийин адам өз бактысына өзү чычаары билинет экен...
23.11.2019. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динсиздик мунун баары
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: