Айэркен Саймаитини Стамбулда атып кеткендеги видеосу тарады
Түркиянын Стамбул шаарында киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаитини атып кетишкендеги видеосу тарады. Түрк басылмалары Саймаити отурган кафенин жанындагы мейманкананын камерасына түшүп калган видеону чыгарышты.
Ал видеодо Саймаити менен чогуу эки адам отурган. Бет капчан адам келип, артынан Саймаитиге ок чыгарат. Ок аткан адам дароо качып кеткен. Түрк басылмалары жалданма өлтүргүчтөрдүн "кызматы" 1000 долларга бааланганын жазышса, кай бир басылмалар миллион доллардан ашык каражат төлөнгөнүн жазып чыгышкан.
Саймаитинин өлүмүнө шектелип 4 адам кармалып, алардын иши сотко өткөн.
Айэркен Саймаитини атып кетишкен видео тарады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Туура Сокенин Раим ууруну калкалап жатканы жаман болчу. Эми минтип Соке эл журтка шерменде болду. Сокенин бийликте турганына моралдык укугу жок. Эми мындай ишти Сооронбайга көз каранды коммиссия иликтебеш керек. Көз карандысыз жарандык коом изилдеп, элге ачык маалымат бериш керек.