super.kg logo

Куудул Союзбек Сейитказиев концертинде Гүлжигит Сатыбековго гүл ташытты

 

Бүгүн, 23-ноябрь күнү куудул Союзбек Сейитказиевдин "Сокеден сонун концерт" аталышындагы тушоо кесүү концерти болуп өттү. Концерт белгиленген убакыттан жарым саат кечигип, зал толгондо көшөгөсүн ачты. Союзбекти колдоп-коштоп куудулдар Абдылда Иманкулов, Рахман Разыков, "Беш тапан" куудулдар тобу, ырчылар Гүлжигит Сатыбеков жана Улан Осмон уулу келип, элдин көңүлүн ачышты.

Быйыл куудул Рахман Разыковдун шакирттери кыйын чыгып, удаа концерт берип жатышат. Буга чейин куудул Гүлжайна Атаканова концерт берип, устатын чакырып, эл алдында күлүк тартуу кылганын айткан. Анын артынан эле Соке (чыгармачыл чөйрөдө Союзбекти ушинтип аташат) устатын сыйлап, кымбат баалуу тебетей белек кылды. Абдылда Иманкулов мындай нерсени жөн өткөрүп жибермек беле, "Союзбек жана түштөнүп отурганыбызда Рахманга чалып, башынын размерин сурады эле. Ага баш кийим кийгизет го деп ойлогом. Өзүмчө эмнеге менден сураган жок, тууганым эмеспи, меникин билсе керек да деп койгом. Эми карасаңар чын эле белегин мага эмес Рахманга эле берди", - деп тамашалай кетти.

Мурун Гүлжигит Сатыбековдун концертине Союзбек алып баруучулук кылып жүргөндө бир нерсени эстеп калган экен. Сиз мага "гүл алган кандай болорун билесиңби? Менин гүлдөрүмдү ташып тур", - деп гүл ташытып койдуңуз эле. Эми мен толтура гүл алдым, сиз алган жоксуз. Бүгүн менин гүлдөрүмдү ташып коюңузчу деп гүлдөрүн ташытты.

Концерттин эң таасирдүү жери Союзбектин апасына арнаган ыры болду. Апасына гүл берип, "апам менин күнүм, айым" деп мактоо сөздөрүн айтып жатып көзүнө жаш алды. Анын таасирдүү сөздөрүнөн эл да ыйлады.

Ошентип, куудулдун тушоо кесүү концерти ийгиликтүү аяктады.






Соке Рахман Разыковго суусар тебетей кийгизди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(8)
23.11.2019. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ата энесин чыгарып алып ыйлаган мода болуп кетти окшойт
24.11.2019. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Коп жаш куудулдардын арасынан Соке кыйын чыкты.Азамат!
24.11.2019. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ийгилик!
Куудулдардын арасынан сизди эле билет экем!сонун аткарасыз.
24.11.2019. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Гулжигит братка тийишпей гулунду озун ташы. Болбосо жегизебиз гулунду
24.11.2019. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Концертин киргизип койсоңор сонун болот эле
24.11.2019. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркылардын коцерттик программасы жалпыга белгилуу,Апасына арнап ырдайт анан гул берет.
24.11.2019. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы, алыска кетчуу жигит экен. Токтоп калбай, изденип ийгиликтерди багындыр .
25.11.2019. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Апасынын акыбалын сурабайт чыныгы жашоодо, эл көзүнө тим эле өлүп бараткансып ыйлагандар көбөйдү. Бул эл көрсүн (Рия) жакшы нерсе эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: